
Курамы:
Бир таблетканын курамы:
Активдүү заттар
| Кальций карбонаты ((элементардык кальций) – 300 мг) | – 811 мг | |
| К2 витамини | – 50 мкг | |
| D3 витамини | – 15 мкг (600МЕ) | |
| Көмөкчү заттар: микрокристаллдык целлюлоза, магний стеарат, кремний диоксид. | ||
100 г продуктунун азыктык жана энергетикалык баалуулугу:
белоктор – 0,00 г, углеводдор – 0,19 г, майлар – 0,00 г. 3,17 кДж/ 0,76 ккал.
Колдонуу чөйрөсү: тамак-ашка биологиялык активдүү кошулма, кальций, D3 жана K2 витаминдеринин кошумча булагы катары сунушталат.
Курамдык бөлүктөрдүн функционалдык касиеттери:
Кальций – сөөктөрдүн жана тиштердин нормалдуу абалын сактоо үчүн зарыл болгон маанилүү минералдык элемент. Сөөк тканынын минералдашуу процессине, нерв импульстарынын өткөрүлүшүнө, булчуңдардын жыйрылышына жана кандын нормалдуу уюшуна катышат.
D3 витамини – кальций жана фосфордун нормалдуу сиңишине, кандагы кальцийдин деңгээлин нормалдуу кармоого өбөлгө түзөт, ошондой эле сөөктөрдүн, тиштердин жана булчуңдардын нормалдуу иштешин камсыз кылат
K2 витамини – сөөк тканынын нормалдуу абалын сактоого жана организмдеги кальцийдин алмашуусу менен байланышкан процесстерге катышат. Сөөктүн түзүлүшүн сактоо үчүн кальцийди максаттуу пайдаланууга көмөктөшөт.
Колдонуу боюнча сунуштоолор: чоңдорго тамактануу учурунда суткасына 1/2 таблеткадан кабыл алуу керек.
Кабыл алу узактыгы: 30 күн.
Каршы көрсөтмөлөр: курамдык бөлүктөрдү жеке чыдансыздык. Колдонуунун алдында 25-(OH) D карата кан анализин тапшыруу, анын жыйынтыгын дарыгерге көрсөтүү керек. Колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат.
Сактоо шарттары: кургак, жарыктан корголгон жана балдар жетпеген жерде, 25°C-ден жогору эмес аба температурасында сактоо керек.
Сатуу шарты: дарыкана тармактары соода тармагынын бөлүмдөрү аркылуу сатылат.
Жарактуулук мөөнөтү: 36 ай.
Өндүрүүчү жана анын жайгашкан жери: ALG Pharma Sp. z o.o. Kasprzaka көчөсү 31 01-234, Варшава, Польша.
Импортер / керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу ыйгарым укуктуу уюм, жана анын дареги:
«Прегио Фарма» ЖЧК (Pregio Pharma LLC), Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Биринчи май району, Клубный көчөсү 18, №5 батир. Почта индекси: 720080, E-mail: kyrgyzpregiopharma@gmail.com, телефон: +996 708 644 118
Чыгаруу формасы: №30 таблетка (салмагы 1198 мг), 10 таблеткадан 3 блистер колдонуу боюнча нускама баракчасы менен бирге картон таңгакчада.
Таблетканын сүрөттөмөсү: ак түстөгү, бир кертик менен бөлүнүүчү, тегерек – ромб сымал таблетка.
Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн номери жана берилген датасы:
KZ.16.01.98.003.R.000254.03.25 18.03.2025 ж.
Өндүрүм ТР ТС 021/2011, ТР ТС 022/2011, ТР ТС 029/2012 жана ТР ТС 005/2011
ISO 9001: 2015/HACCP талаптарына жооп берет.