Седапрег

Курамы:
Бир капсуланын курамы:
Активдүү заттар:
| Мелисса жалбырагынын экстракты | – 300 мг | |
| Магний | – 60 мг | |
| Азиялык центелланын экстракты | – 50 мг | |
| Аптекалык ромашканын экстракты | – 20 мг | |
| В1 витамини | – 3 мг | |
| В6 витамини | – 1 мг | |
| Көмөкчү заттар: микрокристаллдык целлюлоза, магний стеарат, кремний диоксид. Капсуланын курамы: желатин (бука терисинен), кальций карбонат (боегуч). | ||
100 гр продуктунун азыктык жана энергетикалык баалуулугу:
белоктор – 0,00 г, углеводдор – 0.04 г, майлар – 0.00 г. 170 кДж / 40 ккал.
Колдонуу чөйрөсү:
тамак-ашка биологиялык активдүү кошулма, магний, В1, В6 витаминдеринин кошумча булагы катары сунушталат.
Курамдык бөлүктөрдүн функционалдык касиеттери:
Мелисса жалбырагынын экстракты – эмоционалдык тең салмактуулукту, эс алууну жана нерв системасынын нормалдуу функционалдык абалын колдоого көмөктөшөт.
Азиялык центелланын экстракты – акыл эстик активдүүлүктү, жалпы организмдин тонусун жана жогорку жүктөмдүн күчөшүндө адаптациялфк мүмкүнчүлүктөрдү сактоого жардам берет.
Магний – нерв системасынын жана булчуңдардын нормалдуу функциясы үчүн абдан маанилүү жана энергия алмашуусун сактоого жардам берет.
Ак гүл экстракты – эс алууну жана тынч эмоционалдык абалды колдойт.
В1 витамини – энергия алмашуусуна катышат жана нерв системасынын нормалдуу функциясын колдойт.
В6 витамини – нерв системасынын нормалдуу функциясы үчүн абдан маанилүү, энергия алмашуусун нормалдуу сактоого жардам берет.
Колдонуу боюнча сунуштоолор: чоңдорго тамактануу учурунда суткасына 1 капсуладан кабыл алуу керек.
Кабыл алуу узактыгы: 30 күн.
Каршы көрсөтмөлөр: курамдык бөлүктөргө жеке чыдамсыздык жана 18 жашка чейинки балдар курагы.
Алдын алуучу сактык чаралары: өндүрүм чоңдор үчүн арналган. Айдоочуларга жана механизмдерди башкарган адамдарга колдонууга сунушталбайт. Тынч алдыруучу жана седативдүү касиеттери бар башка каражаттар менен айкалыштырууга болбойт.
Эскертүү: кош бойлуу жана бала эмизип жаткан айымдарга колдонууга сунушталбайт. Сунушталган дозасынан ашырууга болбойт.
Сактоо шарты: кургак, жарыктан корголгон жерде жана балдар жетпеген жерде, 25°C-ден жогору эмес аба температурада сактоо керек.
Сатуу шарттары: дарыкана тармактары жана соода түйүндөрү аркылуу сатылат.
Жарактуулук мөөнөтү: 36 ай.
Өндүрүүчү жана анын жайгашкан жери:
ALG Pharma Sp. z o.o. Kasprzaka көчөсү 31 01-234, Варшава, Польша.
Импортер / керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу ыйгарым укуктуу уюм, жана анын жайгашкан жери:
«Прегио Фарма» ЖЧК (Pregio Pharma LLC), Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Биринчи май району, Клубный көчөсү 18, №5 батир. Почта индекси: 720080, E-mail: kyrgyzpregiopharma@gmail.com, телефон: +996 708 644 118
Чыгаруу формасы:
№30 капсула (салмагы 690 мг), 15 капсуладан 2 блистер, колдонуу боюнча нускама баракчасы менен бирге картон таңгакчада.
Капсуланын сүрөттөмөсү: ак түстөгү, сүйрү, бир аз узунунан келген капсула.
Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн номери жана берилген датасы:
KZ.16.01.98.003.R.000419.05.25 05.05.2025 ж.
Өндүрүм ТР ТС 021/2011, ТР ТС 022/2011, ТР ТС 029/2012 жана ТР ТС 005/2011
ISO 9001:2015/HACCP талаптарына жооп берет