Ливемарин форте

Курамы:
Бир таблетканын курамы:
Активдүү заттар:
Сүт тикендин экстракты – 100 мг
(анын ичинде 70% силимарин) – (70 мг)
Көмөкчү заттар: микрокристаллдык целлюлоза (Е 460), магний стеарат (Е 470), кремний диоксид (Е 551).
100 гр продуктунун азыктык жана энергетикалык баалуулугу:
белоктор – 1,8 г, углеводдор – 0,5 г, майлар – 3,1 г. 158 кДж / 37 ккал.
Колдонуу чөйрөсү: тамак-ашка биологиялык активдүү кошулма, силимариндин кошумча булагы катары сунушталат.
Курамдык бөлүктөрдүн функционалдык касиеттери:
Сүт тикендин экстракты – силимарин булагы, боордун нормалдуу иштешин, өт суюктугунун пайда болушун жана организмдеги табигый антиоксиданттык процесстерди сактоого салым кошот.
Колдонуу боюнча сунуштоолор:
чоңдорго тамактануу учурунда суткасына 1 жолу 1 таблеткадан кабыл алуу керек.
Кабыл алуу узактыгы: 30 күн.
Каршы көрсөтмөлөр:
курамдык бөлүктөргө жеке чыдамсыздык, кош бойлуулук, бала эмизүү мезгили жана 18 жашка чейинки балдар курагы.
Алдын алуучу сактык чаралары: өндүрүм чоңдор үчүн арналган. Колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Сунушталган дозалоодон ашырууга болбойт.
Сактоо шарттары:
кургак, жарыктан корголгон жана балдар жетпеген жерде, 25°C – ден жогору эмес аба температурада сактоо керек.
Сатуу шарты: дарыкана тармактары жана соода түйүндөрү аркылуу сатылат.
Жарактуулук мөөнөтү: 36 ай.
Өндүрүүчү жана анын жайгашкан жери:
ALG Pharma Sp. z o.o. Kasprzaka көчөсү 31 01-234, Варшава, Польша.
Импортер / керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу ыйгарым укуктуу уюм, жана анын жайгашкан жери:
«Прегио Фарма» ЖЧК (Pregio Pharma LLC), Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Биринчи май району, Клубный көчөсү 18, №5 батир. Почта индекси: 720080, E-mail: kyrgyzpregiopharma@gmail.com, телефон: +996 708 644 118
Чыгаруу формасы: №30 таблетка (салмагы 210 мг), 30 таблеткадан 1 блистер, колдонуу боюнча нускама баракчасы менен бирге картон таңгакчада.
Таблетканын сүрөттөмөсү: боз-сары түстөгү, тегерек, эки тарабы жалпак таблетка.
Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн номери жана берилген датасы:
KZ.16.01.98.003.R.000385.04.25 23.04.2025 ж.
Өндүрүм ТР ТС 021/2011, ТР ТС 022/2011, ТР ТС 029/2012 жана ТР ТС 005/2011
ISO 9001:2015/HACCP талаптарына жооп берет.