Уропроксин

>>

Курамы:
Бир таблетканын курамы:
Активдүү заттар:

Клюква жемиштеринин экстракты-300 мг
С витамини– 80 мг
Е витамини– 3 мг
Көмөкчү заттар: микрокристаллдык целлюлоза (Е460), магний стеарат (Е470) жана кремний диоксид (Е551)
 

100 гр продуктунун азыктык жана энергетикалык баалуулугу:
белоктор – 0,00 г, углеводдор – 0,5 г жана майлар – 0,00 г. 4,18 кДж / 1 ккал.

Колдонуу чөйрөсү: тамак-ашка биологиялык активдүү кошулма – C жана Е витаминдеринин кошумча булагы катары сунушталат.

Курамдык бөлүктөрдүн функционалдык касиеттери:
Клюква жемишинин экстракты – табарсыктын нормалдуу функциялык жана заара чыгаруу жолдорунун табигый тазалануусун сактоого жардам берет.
С витамини – антиоксиданттык коргонуу процесстерине катышат, иммундук системанын нормалдуу функциясын стимулдайт жана коллаген синтезин колдойт.
Е витамини – антиоксиданттык касиетке ээ, клеткаларды кычкылдануу стрессинен коргоого жардам берет жана жүрөк-кан тамыр системасынын ишине колдоо көрсөтөт.

Колдонуу боюнча сунуштоолор: чоңдорго тамактануу учурунда суткасына 1 жолу 1 таблеткадан кабыл алуу сунушталат. Таблетканы суу менен ичип кабыл алуу сунушталат.

Кабыл алуу узактыгы: 30 күн.

Каршы көрсөтмөлөр: курамдык бөлүктөргө жеке чыдамсыздык жана 18 жашка чейинки балдар курагы.

Алдын алуучу сактык чаралары: өндүрүм чоңдор үчүн арналган. Колдонуунун алдында дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Сунушталган дозадан ашырууга болбойт.

Сактоо шарты: кургак, жарыктан корголгон жана балдар жетпеген жерде, 25°C – ден жогору эмес аба температурада сактоо керек.

Сатуу шарттары: дарыкана тармактары жана соода түйүндөрү аркылуу сатылат.

Жарактуулук мөөнөтү: 36 ай (таңгакчада көрсөтүлгөн).

Өндүрүүчү жана анын жайгашкан жери:
ALG Pharma Sp. z o.o. Kasprzaka көчөсү 31 01-234, Варшава, Польша.

Импортер / керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу ыйгарым укуктуу уюм, жана анын жайгашкан жери:
«Прегио Фарма» ЖЧК (Pregio Pharma LLC), Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Биринчи май району, Клубный көчөсү 18, №5 батир. Почта индекси: 720080, E-mail: kyrgyzpregiopharma@gmail.com, телефон: +996 708 644 118

Чыгаруу формасы:
№60 таблетка (салмагы 1198 мг), 30 таблеткадан 2 блистер, колдонуу боюнча нускама баракчасы менен бирге картон таңгакчада.

Таблетканын сүрөттөмөсү: кочкул кызыл түстөгү, тегерек, эки тарабы жалпак таблетка.

Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн номери жана берилген датасы:
KZ.16.01.98.003.R.000409.05.25 02.05.2025 ж.

Өндүрүм ТР ТС 021/2011, ТР ТС 022/2011, ТР ТС 029/2012 жана ТР ТС 005/2011
ISO 9001:2015/HACCP талаптарына жооп берет

Leave a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Scroll to Top